Лейлекте аймактык тескөөчүлөр каракчылык кылмыш ишин изин суутпай бетин ачты
17 декабрь

Лейлекте аймактык тескөөчүлөр каракчылык кылмыш ишин изин суутпай бетин ачты

2025-жылдын 15-декабрь күнү болжол менен саат 18:40 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка-2 айылындагы дүкөндүн алдында каракчылык фактысы катталды.

Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Суу айыл аймагына караштуу Ак-Суу айылынын тургуну А.Ж өзүнүн "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү авто унаасы менен товар жеткирип кайра кайтып бараткан учурда, аны белгисиз жаран аңдып барып, өзүн ушул жердин "отвечаюшийи" катары көрсөтүп, коркутуп бычак көрсөткөн.

Шектүү жаран А.Ждан 45 040 сом акчасын, бир даана планшетин, барсеткасындагы паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана унаанын документтерин күч колдонуу менен тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Лейлек РИИБдин Жаңы-Жер милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарымдүү өкүлдөрү тарабынан кылмыштын изи сууй электе Арка айылынын тургуну 44жаштагы Ш.Т кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.