Ноокат районунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун жактоочуларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
13 февраль

Ноокат районунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун жактоочуларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

КР УКМК Ош ОИИБ ЭММКАКтын кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун аймагында диний кырдаалды көзөмөлдөө, турукташтыруу жана “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Ноокат районунун аймагында 2026-жылдын 10-февраль күнү “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун 11 активдүү мүчөсүнүн жана колдоочуларынын жашап турган турак жайларына тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында, 217 далил буюм алынды. Алардын ичинде: 75 даана китеп; 14 даана уюлдук телефон; 18 даана дептер; 86 даана ДВД диск; 4 даана планшет; 1 ноутбук; 2 сим карта; 14 Орусия Федерациясынын жаранынын паспорту; 1 печать; 1 видеокасета жана 1 Бакай банкынын картасы.

Алынган буюмдар соттук дин таануу экспертизасына жөнөтүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун мүчөлөрүнө карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.