Депутат: Тубаса эмес майыптардын да ассистенттерине кызмат акы төлөп берүү керек
9 сентябрь

Депутат: Тубаса эмес майыптардын да ассистенттерине кызмат акы төлөп берүү керек

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов тубаса майыптыгы бар жарандардын ассистенттерине ай сайын мамлекеттен 8 700 сом кызмат акы катары төлөнөрүн эске салды. Айтымында, ошол эле учурда кийинчерээк, ар кандай кырдаалдардан улам майыптуулук алган жарандардын ассистенттерине мындай төлөм жок.

Депутат бардык ассистенттерге жөлөк пул берүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле үй-бүлөгө көмөк иретинде берилчү жөлөк пулдун шарттарын жеңилдетүүнү сунуштады.

“Жөлөк пул берүүдө үй-бүлөнүн мал-жандыгы, автоунаасы да эсепке алынат. Буга чейин Эмгек министрлигинин мурдагы жетекчилиги менен сүйлөшкөнүбүздө, ал кайра карап чыгууну убадалаган эле. Бирок мурда 20 жыл мурунку автоунаалар да эсепке алынса, азыр 15 жыл деп ошону гана ылдыйлатышыптыр. Мал-жандык, автоунааларды кароо тартибин кайра карап чыгыңыздар”, - деди ал аталган министрликтин жаңы жетекчиси Алмаз Имангазиевге.