Кыргызстан менен Түркиянын парламенттеринин тармактык комитеттеринин төрагалары жолугушту
19 февраль

Кыргызстан менен Түркиянын парламенттеринин тармактык комитеттеринин төрагалары жолугушту

Стамбул шаарында Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетининин тѳрагасы Улан Примов Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынын Эл аралык иштер боюнча комиссиясынын тѳрагасы Фуат Октай менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканы белгиленди.

Комитет төрагасы Улан Примов Түркия парламенти менен партиялык курулуш, демократиялык шайлоолор жана саясий реформалар боюнча тажрыйба алмашуу зарылчылыгын белгиледи.

“Парламент үчүн депутаттар менен саясий партиялардын ортосундагы байланышты кеңейтип, биргелешип иш алып баруу өтө маанилүү”, – деди ал.

Өз кезегинде Фуат Октай Улан Примов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына Түрк өлкөлөрүнүн парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин төрагаларынын жыйынына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле парламенттик дипломатиянын жардамы менен кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө башкы максат экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, эки өлкөнүн жарандарынын Кыргызстан менен Түркиянын аймагында болуусуна байланышкан жагдайлар, ишкерлер арасындагы диалогду арттыруу маселелери да талкууланды.

Жыйынтыгында Улан Примов Түркия тарапка түрк мамлекеттеринин парламентарийлери арасында пикир алмашуу аянтчасын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-түрк кызматташтыгынын мындан ары да өнүгүшүнө үмүт артарын билдирди.