Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришүүдө
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары депутаттык күбөлүк жана төш белги алышты жана ишмердүүлүгүнө киришүү алдында ант беришти.
Жыйында президент Садыр Жапаров катышууда.
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров өлкөдөгү 29 шайлоо округунда шайлоо болуп өттү деп таанылганын, ал эми №13 шайлоо округунда кайрадан шайлоо өткөрүлөрүн билдирди.
Ал белгилегендей, 8-чакырылышка (№13 шайлоо округун кошпогондо) 58 эркек депутат жана 29 аял депутат шайланды.
Жыйынга 87 депутат катышууда.
