Көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерге баруучу жолдор жаңыланууда
видеодон алынган кадр
13 июль

Көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерге баруучу жолдор жаңыланууда

Ысык-Көлдүн курорттук аймагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерге жана эс алуу жайларына алып баруучу негизги жолдордо оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы К. Акматов көчөсү аркылуу «Алма-Ата» мейманканасына баруучу жолго асфальт-бетон төшөлүп, пайдаланууга даяр болду.

Учурда Чолпон-Ата, Кара-Ой, Сары-Ой, Корумду айылдарындагы жана Садыр-Аке, Шайбек-Ата айыл аймактарындагы бир катар жол тилкелеринде жер жумуштары, асфальт төшөө жана оңдоо иштери уланууда.

Иштер көчмөндөр оюндары башталганга чейин негизги жолдорду пайдаланууга берүү максатында жүргүзүлүүдө.