Кожокулова аутизми бар балдарды жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунуштады
9 сентябрь

Кожокулова аутизми бар балдарды жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Алмаз Имангазиевдин талапкерлиги каралып жатканда, депутат Гуля Кожокулова аутизми бар балдар туш келген кыйынчылык тууралуу билдирди.

“Аутизмдүү балдар бала бойдон тура беришпейт. Алар чоңойушат. Ошондо аларды жумушка орноштуруу маселеси келип чыгат. Азыртан аларды жумушка орноштурууга арналган мамлекеттик программа иштеп чыгуу керек”, – деди депутат.

Ошондой эле Кожокулова ага көптөгөн майып жарандар кайрылып жатышканын белгиледи.

“1-топтогу майып жашаган үй-бүлөлөр кайрылып жатышат. Алардын пенсиясы анчалык көп эмес, компенсация да аз. Жыл сайын коммуналдык тейлөө акылары кымбаттап баратат. Ушуну төлөөдө майыптыгы бар жарандарга кандайдыр бир компенсация карап чыгыш керек. Эгер керек болсо депутаттар да кийлигишип, чечип берели”, – деди Кожокулова.