Бишкекте чуңкурларды жамоо оңдоо уланууда
23 сентябрь

Бишкекте чуңкурларды жамоо оңдоо уланууда

Бишкекте жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери кызуу аяктап жатат. Ошону менен катар жолчулар шаарды көрктөндүрүп, кышка даярданууну улантууда.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, жолчулар капиталдык оңдоодон тышкары жолдогу кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде карталык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейин чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат.

Манас проспекти Горький көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилиши, Серов жана К.Баялинов көчөлөрүнүн кесилиши, Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чуңкурларды жамоо иштери аяктады.