Чүйдө 37 миң сом жана алтын буюмдарды тоноого шектелип эки жаран кармалды
17 декабрь

Чүйдө 37 миң сом жана алтын буюмдарды тоноого шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусунда тоноого шектелгендер кармалды, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 11-декабрында Жайыл РИИБге 1983-жылы туулган Бишкек шаарынын Н.А. атту тургуну арыз менен кайрылган. 

Ал 2025-жылдын 10-декабрында болжол менен саат 01:00 чамасында Кара-Балта шаарынын Сосновка бурулушунда белгисиз адамдар “Honda Accord” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде ага коркутуу көрсөтүп, 37 миң сом акчасын, ошондой эле алтын зер буюмдарын (3 даана алтын чынжырча, 4 даана сөйкө, 1 даана билерик жана 3 даана алтын шакек) тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендигин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, КР КЖКнын 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Honda Accord” үлгүсүндөгү автоунаа жана бул кылмышка шектүү адамдар аныкталган. Алар 1980-жылы туулган Б.Н. жана 1986-жылы туулган А.Т. болуп, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот тарабынан кармалгандарга карата 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

“Honda Accord” үлгүсүндөгү автоунаа атайын айып короого киргизилген.

Тергөө учурунда кармалган жарандар алтын зер буюмдарды үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган.

Мындан тышкары, 1994-жылы туулган С.С., ошондой эле «М» аттуу жаранга карата издөө иш-чаралары улантылууда.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.