Бишкекте жогорку чыңалуудагы 595 чакырым аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги электр менен камсыздоонун туруктуулугун негизги багыт катары коюп, тармакты жакшыртуу боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.
«КУЭТ» ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын 2025-жылга карата планына ылайык:
- 35/110/220 кВ деңгээлдеги 26,8 чакырым аба чубалгыларында капиталдык оңдоо,
- 567 чакырым аба чубалгыларында кезектеги оңдоо иштери каралган.
Бүгүнкү күндө энергетиктер тарабынан:
- 22,4 чакырым аба чубалгы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү,
- 359,5 чакырым аба чубалгыларында оңдоо иштери аткарылды.
Мындан тышкары, планга ылайык:
- 3695 даана фарфор жана сынган изоляторду алмаштыруу,
- 507 кг бурч темирди ширетүү,
- 50 анкердик мамыны бекемдөө пландалган.
Учурдагы жыйынтык боюнча:
- 2539 даана изолятор жаңысына алмаштырылды,
- 380 кг ашык бурч темир анкердик мамыларга ширетилди.
Ошондой эле энергетиктер электр менен камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аба чубалгылары өткөн жолдордун боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыюу иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күндө 1556 түп бак-дарактын бутактары кыйылды.
Белгилей кетсек, аба чубалгыларына өтө жакын өскөн бак-дарактар зымдардын үзүлүшүнө жана электр энергиясын берүүдө үзгүлтүккө негизги себеп болушу мүмкүн.
