Аламүдүндөгү үйлөрдүн биринен 2,5 кг баңгизат аныкталды
Чүй облусунда баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 21-апрелинде Аламүдүн РИИБге Константиновка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңги каражаттары даярдалып жана сакталуусу мүмкүн экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалымат тастыкталган.
Такталгандай, көрсөтүлгөн даректен жалпы салмагы 2,513 килограммды түзгөн, өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү өсүмдүк тектүү зат табылып, алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, алынган зат — кургатылган марихуана болуп саналат.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максаты жок мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1973-жылы туулган С.Ю. аныкталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
