Meta компаниясы телевизор үчүн Instagram TV тиркемесин ишке киргизди
17 декабрь

Meta компаниясы телевизор үчүн Instagram TV тиркемесин ишке киргизди

Meta компаниясы кыска видеолорду, башкача айтканда Reels`терди телевизордун экранынан көрүүгө арналган жаңы Instagram TV тиркемесин тааныштырды.

Алгачкы этапта сервис «акылдуу» телевизорлор үчүн приставка болгон Amazon Fire TV платформасында жеткиликтүү болду. Келечекте компания аны башка ТВ-платформаларга да кеңейтүүнү пландап, кеңири аудиторияны камтууну көздөйт.

Meta маалымдагандай, тиркеме азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Функционалдык мүмкүнчүлүктөрү мобилдик версиядан олуттуу айырмаланбайт: колдонуучулар чоң экранга ылайыкташтырылган вертикалдуу Reels видеолорун көрө алышат.

Instagram’дын жетекчиси Адам Моссери октябрь айында эле тиркеменин телевизордук версиясы чыгышы мүмкүн экенин кыйытып айтып, социалдык тармактардагы контентти телевизор аркылуу көргөндөрдүн саны өсүп жатканын белгилеген. Ал ошондой эле YouTube’дун чоң экрандардагы ийгилигин мисал келтирип, Meta бул багытка эртерээк көңүл бурушу керек болгонун моюндаган.

Instagram TVнин ишке кириши Meta компаниясынын TikTok жана YouTube менен атаандаштыкты күчөтүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Тиркеме сүрөттөргө эмес, негизинен видеоконтентке багытталган.

Instagram TVнин негизги мүмкүнчүлүктөрү:

  • аккаунтка киргенден кийин жекелештирилген сунуштар;
  • спорт, юмор, жашоо образы жана башка темалар боюнча видеолор топтолгон каналдар;
  • телевизордон көрүүгө ылайыкташтырылган чексиз Reels тасмасы.

Ошол эле учурда Instagram’дын мобилдик версиясында да өзгөрүүлөр киргизилүүдө: эксперименттин алкагында айрым колдонуучулар үчүн тиркеме кадимки жаңылыктар тасмасынын ордуна түз эле Reels бөлүмүнөн ачыла баштады. Муну менен компания видеоконтентти өнүктүрүүгө басым жасап жатканын көрсөтүүдө.