Дастан Бекешев жалгыз бой энелердин жумуш убактысын бир саатка кыскартууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жалгыз бой энелердин жумуш күнүн бир саатка кыскартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-сентябрда парламенттин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызматына талапкер Алмаз Имангазиевге кайрылып жатып билдирди.
Депутаттын айтымында, балдарын жалгыз тарбиялап жаткан аялдарды колдоо боюнча кошумча чараларды карап чыгуу зарыл.
«Жумушка барып, анан кайра уруксат сурап жүргөн энелерге жумуштан жок дегенде бир саат эрте кетүүгө мүмкүнчүлүк берели. Алардын бала багуучу жалдоого каражаты жок. Байкуштар эптеп күн көрүүгө аракет кылып жатышат», – деди Бекешев.
Ал социалдык тармактагы министрдин иши административдик башкаруу менен гана чектелбестен, адамдардын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.
