Жолдор ачык, каттам бар. 17-декабрга карата ашуулардагы абал
Бүгүн, 17-декабрь саат 10:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.
Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
Ал эми Ала-Бел ашуусунда бороон болуп, оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.
