Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоолуу өлкөлөрдүн саммитине 80ден ашык өлкөнү чакыруу пландалууда
2027-жылдын октябрь айында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өтө турган экинчи «Бишкек+25» Дүйнөлүк тоо саммитине 80ден ашык тоолуу өлкөнүн өкүлдөрүн чакыруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова «Биринчи радио» жана «Ала-Тоо 24» телеканалдарынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аймагынын кеминде төрттөн бир бөлүгүн тоолор ээлеген 90го жакын өлкөнү саммитке чакыруу маселеси каралууда.
Саммитке мамлекет жана өкмөт башчыларын, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын жетекчилерин, окумуштууларды, эксперттерди, жарандык коомдун, тоолуу аймактардын жамааттарынын, жаштардын жана аялдардын өкүлдөрүн чакыруу пландалууда.
Иш-чаранын күн тартибине климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, токойлорду калыбына келтирүү, тоо экономикасын, кайра жаралуучу энергетиканы, туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери кирет.
Саммиттин алкагында саясий жана каржылык багыттар, илимий сессиялар, ошондой эле аймактык жана чек аралык диалогдор өткөрүлөт.
Мындан тышкары, тоолуу аймактар үчүн практикалык долбоорлор, технологиялар жана инновациялык чечимдер көрсөтүлө турган «Жашыл аймакты» түзүү пландалууда.
Саммиттин алкагында Дүйнөлүк тоо медицинасы конгрессин өткөрүү да каралууда.
Саммиттин акыркы күнү — 23-октябрь — Эл аралык ак илбирсти коргоо күнүнө арналат. Бул күнү ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу пландалууда.
Динара Кемелова белгилегендей, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин жыйынтыгы менен Кыргызстан жаңы демилге — тоолуу аймактардын туруктуулугунун он жылдыгын жарыялоо сунушун киргизүүнү көздөөдө.
