Бакыт Төрөбаевге “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгиси ыйгарылды
24 февраль

Бакыт Төрөбаевге “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгиси ыйгарылды

Бүгүн, 24-февралда Бакыт Төрөбаевге КР суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгисин тапшырды.

Төш белги Бакыт Төрөбаев эмгек жамаат менен коштошуу учурунда ыйгарылды.

Эске салсак, Бакыт Төрөбаев бүгүн өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткени жарыяланган.

Бүгүн КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы министрдин милдетин аткаруучу – Эрлист Акунбековду жамаатка тааныштырып жатып, Бакыт Төрөбаевдин айыл чарба тармагына кошкон салымын жогору баалады жана мыкты долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырганын баса белгиледи.

Эмгек жамааты да Бакыт Төрөбаев менен жылуу коштошуп, анын эки жыл ичинде тармакка олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтышты.