Кыргызстан менен Синьцзян чек ара аймактарындагы туризмди өнүктүрүүнү активдештирет
Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району чек ара аймактарындагы туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатовдун Кытайдын СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Кайсар Кыюм менен жолугушуусунун жыйынтыгында маалымдалды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Синьцзяндын туристтик багыттарын активдүү илгерилетүү жана саякатчылардын өз ара кызыгуусун арттыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар туристтик бизнестин өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер үчүн маалыматтык турларды уюштурууга, ошондой эле эл аралык туристтик көргөзмөлөргө жана форумдарга өз ара катышууга макулдашты.
Мындан тышкары, маданият жана спорт тармактарындагы кызматташтык маселелери да талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кайсар Кыюм Эдуард Кубатовду 2027-жылы Синьцзянга расмий сапар менен барууга чакырды.
