Бишкек: бейбаштыкка шектелген жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалды
2026-жылдын 27-май күнү социалдык тармактарда мушташ фактысы боюнча видео тасма тараган.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган А.М. аттуу жаран жана 1997-жылы туулган К.И. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, кармалгандардын биринен оюнчук тапанча алынган.
Ошондой эле бул окуяга тиешеси бар башка жарандар дагы аныкталып, алардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү юридикалык баа берилет.
