видеодон алынган кадр
17 август
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушуна миңге жакын жумушчу тартылган
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери 125,620 чакырымда аткарылып, жалпы көлөмдүн 89 пайызын түздү.
Курулуш иштерине жалпысынан 978 жумушчу жана 402 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле объектте 7 асфальт-бетон заводу жана 13 таш майдалоочу завод үзгүлтүксүз иш алып барууда.
