Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жол оңдолот
2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек–Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130–146-чакырымдар (10 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.
Мындан тышкары, министрликтин алдындагы №9 Жол тейлөө ишканасы Бишкек–Ош автожолунун Сосновка постунан Төө-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80–139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду.
Белгилей кетсек, аталган парапеттер Бишкек–Ош автожолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес.
