Кыргызстанда расмий түрдө санариптик технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.
Кесиптик күн 4-апрелде белгиленип, тармактын бардык адистерин – мамлекеттик сектордон тартып IT-бизнеске чейин бириктирет.
Бул күндүн белгилениши тармактын маанилүүлүгүнө жана өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролуна көңүл бурууну күчөтөт.
