Кыргызстанда пенсия курагы көтөрүлбөйт
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Кыргызстанда пенсия курагы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда белгиленген пенсия курагын өзгөртүү пландалбайт. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда аялдар 58 жашында, ал эми эркектер 63 жашында пенсияга чыгышат.

«Пенсияга чыгуу курагын өзгөртүү ниети жок. Ал мурдагы деңгээлде калат», – деди Соцфонддун жетекчиси.

Күтүлүп жаткандай, 2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандагы пенсионерлердин саны 823 миң адамга жетет.

Учурда 150 миңге жакын пенсионер ишин улантууда. Алардын көбү билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында эмгектенишет.