Түндүк Кипрде жаракат алган кыргызстандыктын абалы оор бойдон калууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Түндүк Кипрде жаракат алган кыргызстандыктын абалы оор бойдон калууда

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жаранына кол салуу фактысы боюнча мурда берилген маалыматка кошумча катары төмөнкүлөрдү билдирет.

Доктор Бурхан Налбантоглу атындагы мамлекеттик оорукананын дарылоочу дарыгеринин маалыматына ылайык, жабырлануучу Ж.А.нын абалы оор бойдон калууда жана туруктуу оор деп бааланууда. Түн ичинде ал мезгил-мезгили менен эсине келген.

2026-жылдын 5-августуна кошумча операция жүргүзүү пландаштырылган. Учурда Ж.А. жандандыруу бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Алдын ала маалыматка ылайык, 2026-жылдын 6-августунда жабырлануучунун жакын тууганынын Түндүк Кипр Түрк Республикасына келиши күтүлүүдө.

Ошону менен бирге, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын жаранына бычак менен кол салган Түркия Республикасынын жараны учурда оор абалда болгондуктан, анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк бергенден кийин сурак жүргүзүү пландалууда.

Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылып жатат.