“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун, анын ичинде келишимдик негизде, аларды өндүрүү жана төлөөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу укуктар берилет.
