КР Саламаттык сактоо министрлигинде кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечеги талкууланды
Ушул жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Кытайдын элчиси лчиси Лю Цзянпин менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Саламаттык сактоо министри кытай тарапка жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин өз ара урмат-сый, коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген жогорку деңгээлин белгиледи.
Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен КЭРдин Саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин ортосундагы макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда. Ошондой эле ал кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын алкагында жана Шанхай кызматташтык уюмунун форматында туруктуу өнүгүп жатат.
Министр Дамир Осмонов кытай тараптын Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгиледи. Анын ичинде гуманитардык жардам көрсөтүү, медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди жеткирүү, ошондой эле кыргыз адистерин Кытайдын медициналык мекемелеринде окутуу жана стажировкадан өткөрүү бар.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кытай тарап практикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар демилгелерди сунуштады. Тактап айтканда, катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз офтальмологиялык операцияларды жүргүзүүнү камтыган «Экспресс саламаттык — жаркын саякат» долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле тубаса жүрөк кемтиги бар балдарга медициналык жардам көрсөтүү программаларын улантуу маселелери талкууланды.
Тараптар ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Элдик ооруканасы менен кызматташтыкты түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Анын ичинде өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен медициналык долбоорлорду, анын ичинде биргелешкен оорукана түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Мындан тышкары, кыргыз-кытай салттуу медицина илимий-изилдөө борборун түзүү, фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана дары чөптөрдү колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана калктын заманбап медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экенин тастыкташты.
