ОРВИ менен ооругандардын саны бир жумада көбөйдү
Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 46-жумасында (11.11-17.11.24) республика боюнча КРВИнин 7119 учуру катталган (и.к 100,3) 45-жумага салыштырмалуу (индекс 60,2) оорунун деңгээли +1, 7 эсе жогору.
Бардык оорулардын 70,8и 14 жашка чейинки балдар (5039 учур). Оорунун көп таралышы Бишкек шаарында (286,2), Ош шаарында (241,2) жана Ысык-Көл облусунда (102,3) байкалып; республикалык көрсөткүчтөн 2,8 эсеге жана 2,4 эсеге, т.а 2%га жогору. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч кармаган респиратордук инфекцияларга (КРВИ) жана сасык тумоого окшош ооруларга эпидкөзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Оорунун алдын алуу үчүн сиз жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек:
- беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо;
- жөтөлгөндө оозду жана мурунду жүз аарчы менен жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу; -жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилер пайда болуп, өзүн начар сезген адамдарды өз убагында изоляциялоо.
Эгерде сиздин балаңызда КРВИнин белгилери пайда болсо, үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.
