Төлөбөгөндүгү үчүн айып пулдар: Бишкекте коомдук транспортто рейддер уланууда
24 февраль

Төлөбөгөндүгү үчүн айып пулдар: Бишкекте коомдук транспортто рейддер уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы жана Тулпар менен биргеликте Бишкек шаарынын коомдук транспортунда рейддик иш-чараларды улантууда. 

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. Рейддер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен күнүнө онго жакын административдик протокол түзүлүүдө. Жол кирени төлөбөгөндүгү үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.

Мэрия жарандардан жол кирени өз убагында төлөп, түшүү-чыгуу эрежелерин сактоону, ошондой эле накталай төлөм жүргүзгөндө сөзсүз талон алууну өтүнөт.