Орто-Токой ГЭСинде 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктүн жана 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу аяктады
5 август

Орто-Токой ГЭСинде 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктүн жана 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу аяктады

«Чакан ГЭС» ААК Орто-Токой ГЭСинин курулуш долбоорунун алкагында 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктүн (АБТ) жана 110 кВ аба электр чубалгысынын (АЭЧ) курулушун аяктап, кубаттуулугу 25 000 киловольт-ампер (кВА) болгон күч трансформаторун орнотту.

Аткарылган иштер долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарынын бири болуп саналат жана өндүрүлгөн электр энергиясын өлкөнүн энергетикалык тутумуна ишенимдүү өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берүүчү зарыл инфраструктураны түзөт.

Курулуш иштеринин эң жооптуу жана татаал этаптарынын бири электр берүү чубалгысын дарыя аркылуу өткөрүү болду. Иштер суунун агымы секундасына 50 куб метрге чейин жеткен шартта жүргүзүлдү. Татаал гидрологиялык шарттарга карабастан, атайын техниканын жардамы менен аба электр чубалгысы дарыянын үстү аркылуу ийгиликтүү өткөрүлдү.

Ошону менен бирге, айыл чарба багытындагы суу менен камсыздоонун үзгүлтүксүздүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Бардык иштер сугат үчүн берилүүчү суунун режимин бузбастан жана суу берүү токтотулбастан аткарылды.

Учурда долбоорду ишке ашыруу улантылууда жана аба электр чубалгысын «КУЭТ» ААКнын тармагына кошуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.