Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөйт
Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымына караганда, соцтармакта айрымдардын Жалал-Абад облусунун Манас шаары мурунку аталышын алат экен деген өңдүү маалыматтары чындыкка дал келбейт.
"Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат", - деди ал.
