Милициянын ыкчам аракети: Ак-Буура дарыясында жаран куткарылды
Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөп жаткан учурда милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты.
Атайын багыттагы полктун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкерлери Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте кызмат өтөп жаткан учурда Ак-Буура дарыясынын жээгинде белгисиз жарандын сууга кулап кеткендиги тууралуу маалымат алышкан.
Кызматкерлер дароо окуя болгон жерге барып, сууда кыймылсыз жаткан жаранды алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Андан соң тез жардам кызматын чакырып, жаранды медициналык кызматкерлерге өткөрүп беришкен.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана кесипкөй аракетинин натыйжасында жарандын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду.
