Кыргызстан ЕККУ жана ЕККУ ПА менен ар тараптуу маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр
15 сентябрь

Кыргызстан ЕККУ жана ЕККУ ПА менен ар тараптуу маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. 

Жолугушууда Жылдыз Садырбаева Тери Хакаланы аталган кызматка дайындалышы менен куттуктады. 

«Быйыл Хельсинки жыйынтыктоочу актысына кол коюлганына 50 жыл толот. Европа коопсуздугунун тарыхындагы бул маанилүү документке кол коюлган Финляндия өлкөсүнүн 2025-жылы ЕККУга төрагалык кылышы өзгөчө мүнөзгө ээ. Биз Финляндияны төрагалык орду менен куттуктайбыз жана ЕККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо ийгиликтерди каалайбыз», – деп белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан ЕККУ жана ЕККУ ПА менен ар тараптуу маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.

«Кыргыз Республикасы негизги демократиялык принциптерге, мыйзам үстөмдүгүнө, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого өзгөчө маани берет. Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү, натыйжалуу башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо өлкөнүн эң башкы артыкчылыктуу багыттары катары аныкталганын белгилегим келет», – деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Тери Хакала Финляндиянын ЕККУга төрагалык кылган мезгилиндеги артыкчылыктуу багыттарга токтолуп, анда парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана жарандык коомду колдоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

«Мамлекетти башкаруу процессинде парламент менен жарандык коом чоң орунду ээлейт. Андыктан Борбор Азияда жарандык коомду колдоого жана күчтөнтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деген Тери Хакала мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү процесстерге аялдардын жана жаштардын катышуусун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн да белгилеп өттү.

Тараптар мындан тышкары ЕККУнун алкагында кызматташуу жана уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгү боюнча да пикир алмашышты. Муну менен катар жолугушууда Кыргызстандагы социалдык-саясий кырдаал, аялдардын парламенттеги жана башка мамлекеттик органдардагы өкүлчүлүгү тууралуу да талкуулар орун алды.