Россия Кыргызстанга 121 тоннадан ашык витаминдер менен байытылган күн карама майын тапшырды
8-июнда Ош шаарында Россия Федерациясынан келген кезектеги гуманитардык жардамды өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Аймакка А жана D витаминдери менен байытылган күн карама майынын 121 тоннадан ашык көлөмү жеткирилди.
Иш-чарага Оштогу Россиянын башкы консулу Роман Свистин катышты. Гуманитардык жүк жергиликтүү бийлик органдарынын жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын түштүк облустарындагы муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Буга чейин май айында Ош шаарына 675 тонна буудай уну жөнөтүлгөн.
Белгиленгендей, гуманитардык жеткирүүлөр Россия менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен аракеттеринин алкагында ишке ашырылып, калктын аярлуу катмарларын колдоого багытталган.
Программалар өзгөчө кырдаалдардагы азык-түлүк жардамын көрсөтүү менен чектелбестен, мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо жана жумушсуздар үчүн убактылуу иш менен камсыз кылуу долбоорлорун да камтыйт.
