Борбор калаада психотроптук заттарды «жашыруун коюу» ыкмасы менен тараткан жаран кармалды
24 февраль

Борбор калаада психотроптук заттарды «жашыруун коюу» ыкмасы менен тараткан жаран кармалды

2026-жылдын 2-февралында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына жаңы конуштун тургундарынан белгисиз буюм табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин районунун ИИБнын ыкчам тергөө тобу барган. Кароо жүргүзүүнүн жүрүшүндө тосмонун жээгинен изолента менен оролгон түйүнчөк («жашыруун коюлган зат») табылган. Арыз ээси аталган буюмду белгисиз адам калтырып кеткенин жана ал видео жазмага түшүрүлгөнүн билдирген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган фактыга тиешеси бар деп шектелип, 2004-жылы туулган А.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган.

Кармалган жаранга таандык уюлдук телефонду кароо учурунда Telegram мессенджеринен «Азамат» аттуу колдонуучу менен болгон кат алышуу табылып, анда жашыруун жайлардын координаттары жана психотроптук заттардын саны тууралуу маалыматтар камтылган. Өз көрсөтмөсүнө ылайык, шектүү акыркы бир ай ичинде психотроптук заттарды жашыруун калтыруу аркылуу таратып жүргөн.

Анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде милиция кызматкерлери ар кайсы жерлерден психотроптук зат салынган түйүнчөктөрдү алышкан. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 40тан ашык түйүнчөктөр алынган. Бишкек шаарынын ИИББнын Эксперттик-криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык, алынган зат психотроптук кошулма болуп саналат. Жалпы салмагы болжол менен 120 граммды түзгөн.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Аталган факт боюнча сотко чейинки териштирүү өндүрүш иштери жүрүп, тергөө иш-чаралары улантылууда.