Эркин Чечейбаев жеке клиникалар бейтаптын акыбалы оорлошуп кетсе, мамлекеттик ооруканага которушарын билдирди
15 сентябрь

Эркин Чечейбаев жеке клиникалар бейтаптын акыбалы оорлошуп кетсе, мамлекеттик ооруканага которушарын билдирди

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов өлкөдө лицензиясы жок жана лицензиядагы талаптарга жооп бербеген жеке клиникалар көп экенин билдирди. 

Айтымында, алтурмак айрым жеке клиникалар бейтаптын акыбалы оорлошуп кетсе, мамлекеттик ооруканаларга жөнөтө салат. 

Депутаттын бул маалыматын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тастыктады. 

“Жыл сайын жеке клиникалардан мамлекеттик ооруканаларга канча бейтап которуларын так санын айта албайм, бирок анализдеп билсек болот. Чынында, жеке клиникалар өздөрүндө дарыланып жаткан бейтаптардын акыбалы оордошуп кетсе, мамлекеттик ооруканага жөнөтөт”, - деди министр. 

Маткеримов жеке клиникаларды Саламаттык сактоо министрлиги квартал сайын көзөмөлдөп, отчет алып турганда ушул кезге чейин канча деген жеке клиникалар жабылмактыгын белгиледи. 

Айтымында, жеке клиникалардан каза тапкан бейтаптар мамлекеттик ооруканалардын эсебинен катталган да учурлар болот. Айрым учурда буту менен басып барган жеке клиниканын бейтаптары дарылануу учурунда оор кесепеттерге дуушар болушат. 

“153 жеке клиника лицензиясы жок иштеген, аларды жазалоо керек да. Лицензиясы бар болсо да, бүгүнкү медициналык талаптарга жооп бербегендер бар. Лицензиясында операция жасоо каралбаса да, операция жасагандар бар. Сиз ушундайлар бар экенин билчү белеңиз?”, - деп сурады депутат министрден.

“Билебиз”, - деп жооп берди Эркин Чечейбаев. 

“Билсеңиз көзөмөлдөш керек да”, - деди анда Айбек Маткеримов.