Маткеримов ССМнын бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөрдү айылдарга жиберүү саясатын сынга алды
15 сентябрь

Маткеримов ССМнын бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөрдү айылдарга жиберүү саясатын сынга алды

Депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигин чындыкты айтууга чакырды. 

Ал бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигине саламаттыкты сактоо жаатындагы маселелер дайын болуп калганын белгилеп, ушундан пайдаланып, калп жымсалдоону коюп, бүт чындыкты ачыкка чыгарып, болгон көйгөйдү чечип алууга убакыт келгенин айтты. 

“Жалал-Абад шаарында Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борбору быйыл май айында ачылган. Анын иштеп кетүүсүнө республиканын көп аймагынан дарыгерлер келип жардам беришти. Генерал Ташиев ошол жактан көп чындыкты билди. Дарыгерлердин айлыгы мынча миңге чыкты деген жалган маалыматтар ачыкталып, медицина кызматкерлери факт жүзүндө канча айлык алаары ашкере болду. Кадр таңкыстыгы ачыкталды. Эми генерал медицинага көңүл бура баштады. Барган жеринде ооруканаларды курууга тапшырма берүүдө. Ушундан пайдаланып сиздер чындыкты ачыкка чыгарышыңыздар керек. Калп эле баары жакшы, баары сонун деп отурбай, ачык айтыңыздар”, - деди депутат. 

Ошондой эле, депутат медициналык мекемелерде кызматкерлердин жетишсиздигине токтолду.

Бул маселени чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык окуу жайларда бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөрдү аймактарга барып иштеп келүүгө мажбурлаган саясатын сынга алды. 

“Балдарды кыйнап жатабыз. Интернатурага окуу милдеттүү түрдө болбошу керек. “Окуйм, дагы билим алам” дегендер окусун, ал эми жок, “окубайм, тар адистик менен кетем” дегендерге жол ачкыла. Болбосо, силер кадр даярдабай эле, контракт аркылуу акча чогултууну гана көздөп каласыңар. Кадр даярдоого каршы иштеп каласыңар. 

Бюджетте окугандарды айылдарга айдоо туура эмес. Бюджетте чынында билими күчтүүлөр окуйт. Азыр мурдагыдай тааныш менен өтчү заман эмес. ЖРТдан жогорку балл алгандар өтүп жатышат. Анан ошончо билим менен, артыкчылык менен бүткөндөрдү кайра “бар, айылга бар” демей, алардагы “кой, контрактта эле акча төлөп окуп, өзүм каалагандай иштегидей болойун” деген ойду жаратат. Билимдүүлөрдү коргобой эле, кордогон болуп калабыз”, - деди Маткеримов.