“Чоң-Капка” өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товарлар аныкталды
видеодон алынган кадр
2 октябрь

“Чоң-Капка” өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунан өлкө аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту.

Тактап айтканда, текшерүү учурунда Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын жүк бөлүгүнөн эсепке алынбаган товарлар аныкталган. Айдоочу аталган товарларга тиешелүү эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана алардын сатып алынгандыгын тастыктаган башка документтерди көрсөткөн эмес.

Аныкталган товарлардын арасында уюлдук телефондор үчүн каптар, аэрозолдор, чарбалык багыттагы пластиналар, ошондой эле вулканизация тармагында колдонулуучу жабдуулар, буюмдар жана материалдар бар.

Аныкталган товарлардын алдын ала жалпы наркы 1,3 млн сомду түздү.

Аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлүүдө.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасы 160 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, тиешелүү коштомо документтери жок товарларды ташыгандыгы үчүн мыйзамдарда 300 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөө каралган.

Ошентип, мыйзам бузуучу тиешелүү салыктарды төлөөдөн тышкары, кошумча айып пул да төлөөгө тийиш.