Кыргызстанда курулуш тармагында жумуш издегендердин саны өстү
Кыргызстанда курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагында иштөөгө кызыккан жумуш издөөчүлөрдүн саны кыйла өстү.
2026-жылдын январь-июнь айларында жайгаштырылган резюмелердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,2% көбөйгөнүн headhunter.kg билдирди.
Ошол эле учурда бош жумуш орундардын саны болгону 5,7% гана өскөн.
Эң жогорку өсүш курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө боюнча инженерлердин арасында катталып, алардын резюмелеринин саны 254,5% көбөйгөн. Бетончу, арматурачы жана таш кыноочу адистердин анкеталарынын саны болсо 184,6% өскөн.
Бирок бул кесиптердин жалпы резюмелердеги үлүшү дагы эле аз бойдон калууда – тиешелүүлүгүнө жараша 0,2% жана 0,1%.
Кеңири тараган адистиктердин ичинен эң чоң өсүш көмөкчү жумушчулардын арасында байкалган – алардын резюмелеринин саны 78,5% көбөйгөн.
Сырдоочу, шыбакчы жана жасалгалоочу адистердин резюмелери 56,9%, монтажчылардын – 51,7%, электр монтаждоочулар менен электриктердики – 41,6% өскөн.
Өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн инженерлери (ПТО) жана сметачы-инженерлердин резюмелеринин саны 37,4%, геодезисттердики – 32,5%, ал эми ширетүүчүлөрдүкү 31% көбөйгөн.
