Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең менен кайтып келет
12 февраль

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең менен кайтып келет

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга эртең менен кайтып келет. Мындай билдирүүнү анын тарапташтарынын бири Нургазы Анаркулов билдирди. 

Ал учурда социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга келер-келбеси боюнча ар кандай божомолдор айтылып жаткандыгын билдирди.

"Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет. Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин” деген суранычын билдирди", – деди ал. 

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 10-февралында Камчыбек Ташиевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошотту. Мамлекет башчысы ошол эле күнү анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.