Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктү чет элдиктердин арасынан россиялыктар көп сатып алат
8 июнь

Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктү чет элдиктердин арасынан россиялыктар көп сатып алат

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын аткарылышынын алкагында Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Жыйында аталган маселе боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов маалымат берди.

Ал белгилегендей, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында кыймылсыз мүлк тууралуу маалымкаттарды алуу, сатып алуу-сатуу жана күрөө келишимдерин каттоо, техникалык паспортторду жана кадастрдык пландарды алуу, ошондой эле кадастрдык кызматтарды пайдаланууга онлайн кезекке жазылуу боюнча электрондук кызматтар ишке киргизилген.

Муну менен катар агенттиктин маалыматтык системалары «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланып, анын ичинен «Э-Нотариат», «Э-Паспорт», Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жана сот органдарынын маалыматтык системалары менен өз ара байланыш камсыздалган.

Талкуу маалында депутаттар агенттиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Алсак, депутат Бактыяр Калпаев айрым аймактарда жер тилкелеринин багытын өзгөртүү маселеси курч турганын айтып, Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүндө 96 гектар жана Молдо Нияз айыл өкмөтүндө 100 гектар жер тилкелерин трансформациялоо боюнча бардык зарыл документтер даярдалып, агенттикке жөнөтүлгөнүн, бирок бул маселенин чечилиши создуктурулуп жатканын билдирди.

Ал эми эл өкүлү Бекмурза Эргешов маалыматтарды санариптештирүүнүн жүрүшүнө кызыгып, бул багыттагы көйгөйлөрдү тактады. Буга баяндамачы санариптештирүү иштери улантылып жатканын, ошол эле учурда кагаз түрүндөгү документтер менен электрондук маалыматтардын ортосунда айрым дал келбестиктер дагы эле кездешип жатканын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Бактыбек Чойбеков чет өлкөлүк жарандардын атына катталган кыймылсыз мүлк боюнча бүтүмдөрдүн санына кызыкса, эл өкүлү Талайбек Масабиров кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо мөөнөттөрүнө көңүл буруп, аймактык бөлүмдөрдүн ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде депутат Улукбек Ормонов агенттиктин аймактык бөлүмдөрүн техникалык жактан мындан ары да чыңдоо керектигин белгилеп, компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн буюртмаларды «Кыргызиндустрия» ААК аркылуу жайгаштыруунун максатка ылайыктуулугун айтты. Депутат Сеидбек Атамбаев да негизги техникалык жабдуулардын жетишсиздигине көңүл буруп, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы эске алынды.