Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору $3 миң опузалоого шектелип кармалды
КР ИИМ
2 октябрь

Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору $3 миң опузалоого шектелип кармалды

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Милиция бөлүмүнө акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн.

Такталгандай, 2026-жылдын 15-сентябрында Кадамжай районунда жайгашкан ЖЧКсынын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы электр линиясына байланыштуу аныкталган кемчиликтер жоюлбагандыгына байланыштуу өчүрүлгөн.

2026-жылдын 22-сентябрында Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору, аталган ЖЧКсынын жетекчиси менен сүйлөшүп жатып, ишкананын электр энергиясын кайра жандыруу, ишин улантууга жана электр линиясына байланыштуу кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн 3 миң АКШ долларын талап кылган.

27-сентябрда болгон жолугушууда арыз ээси талап кылынган акчаны бере албай тургандыгын билдирген. Бирок, ага аталган акчаны Кадамжай райондук электр тармактарынын башчысына берүүнү айткан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы менен биргеликте Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору 1975-жылы туулган М.К. кармалган.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.