Чаек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду
Чаек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Нарын областынын Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, 2022–2023-жылдар аралыгында жарандардын арыздарысыз, белгиленген кезектүүлүктү сактабай, калктуу конуштар аймагынан жалпы аянты 2,35 гектар болгон жер тилкелерин жарандарга мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкен.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
