Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды
2 июль

Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош облусундагы Ак-Терек –Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштерин толугу менен аяктады.

Иштер 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №21 Жол эксплуатациялоо мекемеси аткарды.

Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түздү.

Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.