Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август
Эмгек министрлиги: Июлда «Бала ырысы» жөлөк пулун дээрлик 192 миң бала алат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулу 191 796 балага дайындалганын маалымдайт.
5-августта министрлик жөлөк пулду төлөп берүү үчүн 235,7 млн сом өлчөмүндө каражатты каржылады.
Өз кезегинде коммерциялык банктар жөлөк пулду алуучулардын эсептерине акча каражаттарын которууну башташат.
2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздарды кабыл алуу башталган.
