Кыргызстан менен Түрция өз ара товар жүгүртүүнү $5 млрд жеткирүүнү көздөп жатат
2026-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидандын ортосунда эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык пландаштыруу боюнча биргелешкен топтун 7-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөдөгү маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык, консулдук жана башка тармактардагы кызматташтык талкууланды. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Ж. Кулубаев тарыхый, маданий жана тилдик жалпылыктарга негизделген кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдогандын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгиледи.
Кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоо максатында тараптар жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштарга даярдык көрүү маселелерин, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын өз ара сапарларын уюштурууну, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 7-жыйынын өткөрүүнү талкуулашты.
Соода-экономикалык тармакта тараптар эки өлкөнүн лидерлери тарабынан коюлган өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүү максатына умтулуусун ырастап, бул милдетти иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун мындан аркы жолдору боюнча пикир алышты.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын утурлай тараптар эки өлкөнүн кезектешкен Маданият күндөрүн, илимий-практикалык конференцияларды, көргөзмөлөрдү жана башка гуманитардык долбоорлорду камтыган биргелешкен мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты. Мындан тышкары, эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Стратегиялык пландаштыруу боюнча биргелешкен топтун 7-жыйынынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.
