Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-октябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышты.
Учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү аркылуу ишке ашырылды.
Спутник бир ракета алып жүрүүчү менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында орбитага чыгарылды. Аны учуруу Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Спутникти Бишкек шаарында жайгашкан Башкаруу борборунан ишке ашырылат.
Спутниктин учурулушу Кыргызстан үчүн ар кандай тармактарда космостук маалыматтарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө, суу объекттерине, токойлорго жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө көз салууга мүмкүндүк берет.
Спутниктен алынган маалыматтар жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактыларын, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды жана булгануунун башка булактарын аныктоо, ошондой эле логистикалык каттамдарды оптималдаштыруу үчүн колдонулат.
Спутниктик технологиялар жаратылыш коркунучтарына мониторинг жүргүзүү жана аларды эрте аныктоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болот. Алынган маалыматтар кургакчылыктын, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн, селдердин жана токой өрттөрүнүн белгилерин ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет. Бул өз убагында чара көрүү жана мүмкүн болуучу зыянды азайтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Келечекте спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системалар менен интеграцияланып, мейкиндик карталарын жана аналитикалык моделдерди түзүү үчүн колдонулат. Бул мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда, инвестициялык пландаштырууда жана мамлекеттик программалардын аткарылышын көзөмөлдөөдө объективдүү маалыматтарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Спутниктик маалыматтарды суперкомпьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырып пайдалануу Кыргызстандын экономикалык жана жаратылыш ресурстарын кыйла так жана натыйжалуу башкаруу үчүн негиз түзөт.
