Кыргызстанда бир жумада 24 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
15 сентябрь

Кыргызстанда бир жумада 24 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда алдын ала маалыматына ылайык, 9-сентябрдан 14-сентябрга чейинки аралыкта 24 миң 220 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1 660;
  • мас абалында унаа башкаруу – 342;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 186;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 100;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 942;
  • автоээнбаштык – 23;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 461;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 020;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 484  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.