Жыл сайын чет жакта 470ке жакын кыргызстандык каза болот
8 июнь

Жыл сайын чет жакта 470ке жакын кыргызстандык каза болот

Жыл сайын Кыргызстандан тышкары жерде республиканын 450дөн 470ке чейин жаранынын каза болгон учурлары катталат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери өлкөгө 174 «жүк-200» жеткирилген.

Бул максаттар үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы Кыргызстанга 472 «жүк-200» кайтарылып келген, аларды ташып келүүгө 56 млн сом жумшалган. Жалпысынан жыл сайын бул багытка бюджеттен болжол менен 60 млн сом бөлүнөт.

Акыркы жылдары медициналык туризмдин алкагында чет өлкөлөргө, айрыкча Түркия жана Индияга дарыланууга кеткен жарандардын саны өсүүдө. Алардын айрымдары чет өлкөдө каза болуп калууда.

Көйгөйлөрдүн бири — жарандардын жардам алуу механизмдери тууралуу жетиштүү маалыматынын жоктугу. Мындай жагдайга туш болгон көптөгөн үй-бүлөлөр диаспораларга кайрылып, маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн өз алдынча каражат чогултууга аргасыз болушат.

Жарандар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылса болот. Андан кийин үч күндүн ичинде Жарандарды ишке орноштуруу борбору тиешелүү каражаттын төлөнүшүн камсыздайт.