Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
28 август
Көңүл буруңуздар! Бишкекте 13 жаштагы Раяна изделүүдө
Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгы 2013-жылы туулган Раяна Сатаеваны издөөгө жардам сурайт.
Милициянын маалыматына таянсак, Раяна 2026-жылдын 25-августунда болжол менен саат 11:40 чамасында Ак-Босого жаңы конушундагы дарекке келип, велосипедин таштап, кайра чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери:
- бою болжол менен 140–145 см;
- көзү кара;
- чачы кара, каре үлгүсүндө.
Кийген кийими: көк түстөгү джинсы шым, алды жагында кызыл түстөгү «21» деген жазуусу бар ак футболка.
Милиция Раяна Сатаеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат билген жарандардан төмөнкү телефон номерлерге кабарлап коюуну суранат: Ленин РИИБнин нөөмөт бөлүмү: 0312 35-29-47, 0 224 214 346
