Маматалиев мурдагы спикерлер чет өлкөлөргө болгон иш сапарларга жакын адамдарын кошуп келгенин ачыктады
19 март

Маматалиев мурдагы спикерлер чет өлкөлөргө болгон иш сапарларга жакын адамдарын кошуп келгенин ачыктады

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев депутаттардын чет өлкөлөргө болгон иш сапары буга чейин туура эмес бөлүштүрүлүп келгенин билдирди. 

Айтымында, мурдагы спикерлердин тушунда чет өлкөлөргө болгон иш сапарларга “беш-алты жакын адамдары кошулуп турган”. Ал “муну жашыруунун кереги жоктугун” белгиледи. 

Ал эми мындай көрүнүштөргө жол берилбей турганын убадалады: 

“Ар кайсы өлкөлөр менен достук депутаттык топтору багыттар боюнча өз талапкерлерин өздөрү сунуштайт. Ошендо чет өлкөгө болгон сапарлар ачык-айкын жана адилеттүү болот”, – деди спикер.