Кыргызстан жасалма интеллектти киргизүүгө даяр өкмөттөрдүн рейтингинде 116-орунду ээледи
Кыргызстан жасалма интеллектти киргизүүгө даяр өкмөттөрдүн Government AI Readiness Index 2025 рейтингинде 116-орунга жайгашты.
Изилдөөчү Oxford Insights уюмунун баалоосунда мамлекеттик стратегиянын жана укуктук базанын болушу, мамлекеттик сектордо жана экономикада жасалма интеллектти колдонуу деңгээли, ошондой эле технологияларды коопсуз өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттар эске алынган.
КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүчтү Россия көрсөтүп, 47-орунду ээледи.
Казакстан 60-орунга, Өзбекстан 62-орунга, Молдова 66-орунга, Азербайжан 70-орунга, Армения 108-орунга, Беларусь 121-орунга жайгашты.
Тажикстан 135-орунду, ал эми Түркмөнстан 166-орунду ээледи.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку жыйынтыкты Казакстан менен Өзбекстан көрсөттү. Белгиленгендей, бул өлкөлөр жасалма интеллектти киргизүү үчүн институционалдык жана инфраструктуралык базасын чыңдап жатышат.
Изилдөөнүн авторлорунун пикиринде, КМШ өлкөлөрү мамлекеттик башкаруу жана экономика тармактарына санариптик технологияларды киргизүү аркылуу мындан ары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
